[go: up one dir, main page]
More Web Proxy on the site http://driver.im/Мазмунга өтүү

Ангар

Википедия дан

Ангар (французча hапgаг), учаккана - самолётту, вертолётту коюу, техникалык тейлөө жана оңдоо жүргүзүлүүчү жай. Жаа өткөөл жана рама констрдагы түрү кеңири таралган. Анын арышы көп учурда 100 мден ашык (2-3 самолёт батат). Анда самолёттор токтоо менен бирге алардын белен жабдык бөлүктөрү сакталат, техникалык тейлөө жумуштары жана оңдоо иштери жүргүзүлөт. Колдонулушуна жараша туруктуу (металл же болот-бетон конструкциялардан), убактылуу (жыгачтан), жыйналма (болот же алюминий конструкциялардан) ангарлар курулат. Ангар жүктөгүч-транспорт (жүктөгүч, араба жана башка), байланыш, ишарат (сигнал), автоматтык өрт өчүрүүчү каражаттар жана башка менен камсыздалат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1